акын |
(по диалектам встречается ещё в форме акун и ахун) 1. акын (певец-импровизатор); эп келтирип ырдаса, ырдын көркү акында стих. красота песни в певце, когда он складно поёт; анык чечен акындар жазгы жааган жамгырдай стих. настоящие мастера слова (см. чечен I) акыны подобны весеннему дождю (у них стих льётся непрерывно); эл акыны народный акын (официально присваемое звание); 2. поэт (общий термин); акын Пушкин поэт Пушкин; 3. (до реводюции) акын, поэт-письменник (они были, явлением редким); этек-жеңи жайылган эли журтум сарбагыш, ушунчалык көп журттан акын чыккан мен жалгыз стих. с распущенными полами и рукавами (см. жайыл- III) моё племя сарбагыш, из такого многочисленного народа акыном стал я один; 4. только акун ист. (в пограничной с Синьцзяном полосе Тянь-Шаньской области) человек, получивший образование в Кашгаре; 5. только акун иногда прибавляется, как у уйгуров, к именам личным мужским вместо бай; 6. только акун перен. уйгур. |
АКЫН |
Ажы бий болду атагы, (Ажыбай деп атаган Акындар билбес чатагы) (Сагымбай Орозбаков, 2. 283). Жайсаң ырчы дегени Жалаң үйдүн борумун Жарым күнү ырдаган (Сагымбай Орозбаков, 2. 11). Акындык өнөр элдин рухий байлыгынын бир салаасы болуп, кылымдарды карытып, улам өнүгүп олтурган. А-дардын ырлары бизге белгисиз бойдон калганы менен «Манас» эпосунун бизге жетиши — акындык өнөрдүн өнүккөндүгүнүн белгиси. Кыргыз акындарынын чыгармачылыгына карай легендарлык акындар, төкмө акындар, жазгыч акындар, жомокчу-манасчылар деп бөлүп карашат. А-дардын ичинен эң таланттуулары манасчы-акындар болуп саналат. Манасчылар «Манас» айткандан башка ар кандай тематикадагы ырлар да чыгарышкан, эл алдында төгүп ырдай да билишкен. Ал эми А-дын баары эле «Манас» айта алышпайт (к. Манасчы). Көптөгөн ырчы-акындардын чыгармалары бизге жетпей, айрымдарынын аттары да унут болгон. Кээ бирлери жөнүндө уламыш мүнөзүндөгү бирин-экин гана маалыматтар сакталган. Мисалы, Жайсаң ырчы, Кет бука, Токтогул ырчы, Асан кайгы. Кыргыз А-дарынын чыгармачылыгы көп жактуу болгон. Мисалы, Токтогул айтыш, нуска ырлары менен бирге кенже эпосторду да айткан. Ал эми Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Карала уулу «Манасты» бүтүндөй айткан улуу манасчылар болуу менен бирге, нуска ырларды, тамсилдерди, поэмаларды да жараткан. Ошентип, ар бир А-дын жеке чыгармачылык өзгөчөлүгү болуп, бири лирикага ыктаса, экинчиси эпосторду аткарууга, башкасы насыят, нуска ыр чыгарса, дагы бири айтышка маш болгон. Адардын чыгармалары, кыргыз элинин тарыхы менен адабиятын үйрөнүү үчүн гана эмес, аларды философиялык, коомдук-саясий ой-пикирлерин изилдөө үчүн да зор мааниге ээ. Бири-биринин А-дык дараметин сындоодо жаш таланттарды өстүрүүдө А-дардын, манасчылардын айтыштарынын мааннси зор болгон (к. Айтыш). Элдик оозеки чыгармаларды сактап, өнүктүрүп, аларды мурас катары кийинки муунга жеткирүүдө жазгыч А-дардын салымы чоң, кыргыз адабиятынын тарыхында жазгыч акындардын туңгуч өкүлү катары Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Алдаш, Ысак, Абылкасым, Токторалы, Шамей, Абдыкалык жана башкалардын ысымдары белгилүү. Жазгыч А-дар ыр жаратууда элдин оозеки чыгармачылыгына жана аны сактап, өнүктүрүп келе жаткан төкмө А-дардын ырчылык салтына таянышат. Чыгарма жаратуу менен гана чектелбестен А-дар элдин көркөм сөз казнасын жыйнап, кагазга түшүрүшкөн. Буга Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын кол жазмалар фондусунда сакталып турган эпостун араб арибиндеги кол жазмалары далил (к. «Кысса Семетей бу-турур»), Азыр А. термининин мааниси кеңейип, ыр жазган, ыр жазууну кесип кылган адамдар да А. аталып калды. Ы. Кадыров |
АКЫН |
|
акын |
|
акын |
şâir, ozan |
акын |
акындар поэзиясы |
Акын |
|
акын |
|
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | акын |
Көптүк сан | акындар |
Байланыштуу сөздөр |
---|
төкмө |
Жөндөлүшү - "акын"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | акын |
Илик Кимдин? Эмненин? | акындын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | акынга |
Табыш Кимди? Эмнени? | акынды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | акында |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | акындан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | акындар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | акындардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | акындарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | акындарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | акындарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | акындардан |
Хотите добавить свой перевод для слово: "Акын"?
Ввойти
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Акын