Меню
Эл-Сөздүк

аламан

1. беспорядочный набег;
аламан кой- нападать (скопом, без боевого порядка);
астымды тозбой коё бер - Алмамбет шумдун соңунан, аламан коюп жөнөйүн фольк. не преграждай мне путь - за плутом Алмамбетом я отправлюсь в погоню;
аламан коюп калыңар, атышкансып барыңар, айрып муну алыңар фольк. сделайте набег, двигайтесь, как бы перестреливаясь и отбейте (освободите) его;
жалпы аламан скопом;
2. (точнее баш аламан) беспорядок;
баш аламан бол- теряться, приходить в замешательство;
сөз аламанга айланып, ар ким өз оюнда жүргөнүн айта берди разговор стал общим (и беспорядочным), и каждый говорил всё, что приходило на ум;
аламан жигит буйный, несдержанный парень;
мүнөзү аламан, айтканды укпайт характер у него буйный, он не внемлет тому, что (ему) говорят;
3. толпа, масса; народ;
алп мүчөлүү балбандын баарын өлтүрсө, кантип чыдайт аламан! фольк. если всех (наших) борцов богатырского сложения будут убивать, как же будет терпеть (это) народ!;
кара аламан (или караламан или кара аламан калк) ист.
1) прислуга, челядь, служилый люд (ханский);
2) простонародье;
кара аламан калың журт фольк. массы народные;
кара аламан чабуул общая свалка (ср. кара I 15);
кара аламан чабуулда, кайсы экени билинбей, карбаластай жыгылып фольк. в общей свалке не разберёшь кто: (все) мечутся и падают;
4. фольк. военная добыча, трофей;
аламанды көп алып захватив много добычи;
аламан байге см. байге I;
аламан чабыш см. чабыш I.

АЛАМАН

АЛАМАН — эпизоддук кейипкер, Манастын чабарманы. Көкөтөй өлгөндө Манастын азага келатканын Бокмурунга алдын ала кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 3. 50).

аламан

аламан, аламанга
аламан байге
аламан коюу
аламан сүйлөө
аламан уруш

аламан

зат. 1. Жабыла качыруу, жапырт кирүү, иретсиз, жапырт кирген салгылаш, кармаш, күрөш ж. б. Аламанга киргенде Жааңды үзбөй атып жүр («Эр Табылды»). Бул Көкдөөнүн көп балбан Аламан уруш коёт го? («Эр Төштүк»).
2. Иретсиз, тартипсиз чогулган топ, үймөлөктөшүп дуулдашкан көпчүлүк. Бурула албай, алдыма Түшүп берди аламан («Курманбек»). Кылычынын мизинен кыргын тапты аламан («Курманбек»).
3. Баш аламан, иретсиз, туш келди. Үч жашар ойноо кезинде Тили чыгат булбулдун, Аламан сүйлөп бергенде Кайгысы чыгат муңдуунун (Токтогул).
4. Аламандаган, көөдөк, алды-кийнин байкабаган. Аламан жигит мүнөзү Айтканды укпайт чыркырап (Осмонкул).
Аламан коюу — жапырт ат коюу, жапырт качырып кирүү. Мунусту көздөй бет алып, Аламан коюп алыптыр («Манас»). Аламан коюп кетпесин, Абдан жолун чалып тур («Эр Табылды»). Баш аламан — иретсиз, белгилүү бир тартипке келтирилбеген, аралаш, туш келди. Үй ичи күү-күү болуп, баш аламан сөздөр айтылат (Байтемиров). Баш аламан качкан эл Турдубектин кыйкырыгынан улам токтой калышты (Жантөшев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: