Меню
Эл-Сөздүк

үйрөн

этиш 1. Бир нерсени (мис., ишти, техниканы ж. б.) билүү, өздөштүрүү, ага машыгуу, көнүгүү. Канча түрдүү техника, Үйрөнөбүз колхоздо (Барпы). Кылганың киши үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн (макал). Оку, иште, өнөр үйрөн, көптү бил, Ошону күт, эмгек менен таалай тап (Нуркамал).
2. Үйүр болуу, көнүп калуу, таанышып, аралашып кетүү. Эртерээк жетсем экен эми, Өзүмүн үйрөнгөн колхозума (Шүкүрбеков).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: