Меню
Эл-Сөздүк

шыйпаңда

этиш. 1. Куйругун булгалап шыйпактоо. Жанымда бир ит менден бирдеме үмүт этип, жагынып шыйпаңдап турат (Элебаев). Тайган акактап, баладан көзүн албай, шыйпаңдап кумарданып ойноду («Эмгек азаматтары»).
2. өт. Жагынуу, жалпактоо; тийиштик кылып жакындоо, шыйпактоо. Ошондон кийин тааныбаган аялга шыйпаңдаганды койдум (Бейшеналиев). Зарлык менен Данияр шыйпаңдап, байкесинин жанынан чыкпайт (Бейшеналиев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: