Найдены по другим направлениям
-
чачыра
-
этиш. 1. Бириндеп-бириндеп бөлүнүп туш-тушка ыргуу, туш-тушка чачылуу. Темирди жанчып жатат талкан-талкан, Чачырап кызыл учкун ар тараптан (Бөкөнбаев).
2. Чачыла тийүү, жайылуу, тароо. Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Күндүн алтын нуру эми гана чачырап чыгып келатат (Абдукаримов).
♦Көзү чачыроо — кандайдыр бир нерсени өтө зарыга күтүү, абдан эңсөө. Ушул жерден эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм (Элебаев).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
чачыра