-
туз
-
I зат. Мүнөздүү ачуу даамы бар, тамакка татылуучу, кристалл түрүндөгү зат. Бир тоонун баары бүтүн туз, Кайберендер кемирген (Токтогул). Тузду өлчөп татытсаң, ашыңда даам болот (Сыдыкбеков).
♦Туз татуу — тамактануу, конок болуу, даам татуу. Кайрылып келип туз таттың Калың кыргыз тобуңдан (Калык). Тузун актоо — бирөөнүн кылган жакшылыгын актоо, акысын кайтаруу. Далай сөздү таратып, Талант тузун актадың (Тоголок Молдо). Тузуна кара саноо — жакшылык кылган адамга жамандык жасоо. Тузуңа кара санасам, Туулгандан эки болбоюн (Токтогул). Туз буйруу — даам татуу, тагдырына туура келүү. Туз урсун — жакшы мамиледе, дос болуп жүрүп жамандык иш кылган адамга карата айтылган каргыш. Жаңылып кетсем кокустан, Жаш башымды туз урсун (Токтогул). Жалган айтып мен келсем, Колуңдан берген туз урсун («Эр Табылды»).
ТУЗ II зат. Ойноочу картанын ичиндеги эң чоңу. Карганын тузу. Ачанын тузу.
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
туз