|
Трансферт
|
|
ТРАНСФЕРТ (фр. transfert – көчүрүү, которуу) – 1) бир өлкөдөн башкасына чет өлкөлүк валютаны же алтынды которуу; 2) бир жактын экинчисине ысымы жазылган баалуу кагаздарга (акция, вексель, облигация, чектер) ээлик кылуу укугун берүү; 3) эларалык макулдашуулардын негизинде мамлекеттер ортосунда калк алмашуу, жарандыкты автоматтык өзгөртүү; 4) КРде бюджеттик чөйрөгө колдонулуучу «Т.» түшүнүгү бир деңгээлдеги бюджетке башка деңгээлдеги бюджеттен каражат которуу катары пайдаланылат. Азыркы кезде Т. деп иш жүзүндө борбордук деңгээлде бөлүштүрүлүүчү аргандай төлөмдөр түшүнүлөт.
|