-
сээр
-
I зат. 1. Чыгыштагы — жыңга туура келе турган салмак чени.
2. Чыгыш Түркстандагы акча бирдиги. Буттап алтын сээр сайдым («Эр Төштүк»).
СЭЭР II сыйкыр менен бирдей.
СЭЭР III зат. 1. Ийин менен моюндун кошулган жери.
2. Аттын өркөчүнүн алды жагы. Соорусу бийик, сээри бас.
СЭЭР IV: сээр салуу — көңүл буруу, көңүл бөлүү. Керимбай жолуккан кишилерге көбүрөөк сээр сала турган болду (Каимов). Айдайга сээр салбай салмактаныш Көк-Дөбөдөгүлөрдүн кимисине болсо да сыймык (Аалы).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сээр