Меню
Эл-Сөздүк

сырдаш

сырдаш (сын а.)

сырдаш-

сырдаш-

сырдаш

I сын. Сырын билген, мурдатан сыр айтышып жүргөн. Биз өтө эле жакын, бири-биринен эчтеме жашырбас сырдаш курбулар сыяктуу элек (Айтматов). Каныш байбиче Айымжан экөө сырдаш кишилер (Сыдыкбеков.)
СЫРДАШ II этиш. Сырын айтуу, сыр айтышуу, сыр алышуу. Бир гана Гүлнар болду менин барып, Жүрөктүн дартын козгоп сырдашканым (Үмөталиев). Чечилишип сырдашсаң, Көкүрөктөн муң кетер (Токтогул).
СЫРДАШ III сырда этишинин кош мамилеси.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: