|
стол
|
|
зат. 1. Такта түрүндө жасалып, горизонталдык абалда коюлуучу, таянычы бар, үстүнө бирдеме коюуга же ар түрдүү иштерди иштөөгө ылайыктап жасалган үй буюму. Тамак иче турган стол. Иш иштей турган стол.
- 2. өт. Ошондой буюмдун үстүнө коюлган тамак-аш, даяр тамак-аш. Стол даяр болгон учурда эки небересин эки колуна жетелеп, эне чыга келип учурашты (Убукеев). Штабдын үйүндө атайын уюштурулган столдор, жайылган дасторкон (Сасыкбаев).
- 3. 3. Белгилүү бир иштерди аткаруучу мекеме же мекеменин бир бөлүмү. Паспорт столу. Адрес столу.
- 4. 4. өт. Кызмат, кызмат орду. Столдон эрте булар кетсин жылып (Аалы).
|