Найдены по другим направлениям
-
серги
-
зат. 1. Салкын абага чыгып эс алуу, серүүндөө, көңүл ачуу. Сергисек төрдө гүл сайма, Суктансак мөлтүр Ак-Сайга (Абдыраманов). Жайлообуз сонун жер болот, Жан-жаныбар сергиген (Бөкөнбаев). Ашуунун аркы бетине түшөр замат эле жүрөк толкуп, көңүл сергий түштү («Жаш ленинчи»). - 2. Күн ачылып, жаан-чачын басылуу. Күн сергиди.
- 3. Кургай баштоо, тоборсуу. Кир сергиди.
- 4. Жеңилденүү, өзүн жеңил сезүү, бошоо. Жумуштан сергий түшүү. Уркуя сөзүнүн аягына чыкканда бир чоң жүгү түшкөнсүп, бою сергий түштү (Байтемиров).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
серги