|
окуу
|
|
I зат. 1. Билим алуу, билимге ээ болуу процессинин жана билим берүүгө байланыштуу иштердин жалпы аталышы. Оройлук белги болушта, Окуунун кени оруста (Токтогул). Анда олтургандар элеттен шаарга окууга бараткан жаштар болсо керек эле (Сыдыкбеков). Мылтык менен окуугу карылык жок (макал).
2. Теориялык жоболордун жыйындысы; кандайдыр бир окумуштуунун, ойчулдун ж.б. негизги жоболорунун, көз караштарынын ж.б. жыйындысы, системасы. Материалисттик окуу. Лениндин окуусу.
ОКУУ II оку этишинин кыймыл атоочу.
|