Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - мүлк
 

Мүлк

 
МҮЛК – 1) баарыдан мурда жактын (жеке адамдын жана юридикалык жактын), мамлекеттин же муниципиалдык түзүлүштүн менчигинде турган, же уюмдун чарба жүгүртүүсүнө же ыкчам башкаруусуна таандык буюмдардын жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы. М. курамына ошондой эле акча жана баалуу кагаздар да кирет; 2) башка жактардан буюм (актив ) же мүлктүк канагаттануу алууга буюм жана мүлктүк укуктарынын жыйындысы; 3) алардын алып жүрүүчүсүнүн мүлктүк абалын (актив жана пассив) мүнөздөөчү буюмдардын, мүлктүк укук жана милдеттердин жыйындысы.

мүлк

 
мүлк (мүлүк эмес)
мүлк каттоо (экон.)

мүлк

 
зат. 1. Дүнүйө, асыл, кымбат баалуу буюмдар. Сан кара боз жылкың бар, Сандыгың толгон мүлкүң бар («Эр Табылды»).
  1. 2.                  Байлык, кенч. Манас [эпосу] баарыбызга орток.. элдин мүлкү (Бейшеналиев). Токтогул аркасына маданияттын баа жеткис мүлкүн таштады (Бөкөнбаев).
  2. 3.                  Тапкан оокат, үй оокатка керектүү буюмдар, мал. Жоомарт бекен элге мүлкүн үрөгөн? Дыйкан бекен бермет данын күрөгөн? (Аалы). Күтүнгөн анын үй мүлкүн Далай адам көрүшкөн (Үсөнбаев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санмүлк
Көптүк санмүлктөр
Байланыштуу сөздөр
менчик
мүлктүү
Жөндөлүшү - "мүлк"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?мүлк
Илик Кимдин? Эмненин?мүлктүн
Барыш Кимге? Эмнеге?мүлккө
Табыш Кимди? Эмнени?мүлктү
Жатыш Кимде? Эмнеде?мүлктө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?мүлктөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?мүлктөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?мүлктөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?мүлктөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?мүлктөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?мүлктөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?мүлктөрдөн

Найти все переводы слова "мүлк" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "мүлк"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru