-
Министр
-
МИНИСТР (фр. ministre , лат. minister – кызматчы) – өкмөттүн түзүмүнө кирген өзгөчө маанилүү мамлекеттик башкаруу органдарынын-министрликтердин жетекчилеринин тектүү аталышы. М. КР мыйзамдары боюнча өкмөт мүчөсү болуп саналат. М. аргандай аталат, м.: АКШда, Мексикада жана башка бир катар мамлекеттерде М-лердин баардыгы же бир бөлүгү мамлекеттик катчы, Улуу Британияда – канцлер ж. б. деп аталышат. М-дин парламенттик мамлекеттердеги жана президенттик республикалардагы иш жүзүндөгү ролдору, биринчи учурда М. кызматын эреже катары кесипкөй саясатчы, экинчисинде – кесипкөй администраторлор (кадрдык чиновниктер) ээлеп тургандыгына байланыштуу айырмаланат. Жарым президенттик республикаларда бул эки принцип көп учурда айкалышып кетет.
Найдены по другим направлениям
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
министр