|
кызык
|
|
I сын. 1. Көңүлдү өзүнө тарткыдай, көңүлдү өзүнө тарткан, көңүл көтөрө турган. Кызык кинону көрүшкөн жумушчулардын көңүлү көтөрүлдү (Сасыкбаев).
- 2. Сонун. Өмүр эмгекке, турмушка байланыштуу болсо гана кызык болот (Сасыкбаев). Күрпөң-күрпөң жүгүртүп, Күлүктү минсең бир кызык (Токтогул).
- 3. Кызуу. Элдин бардыгы кызык уйкуга кирди (Жантөшев). Мал кызык төлдөп жаткан кез (Элебаев).
- 4. Тамаша, көңүл көтөргөн тамаша. Алар кызыкка батып, мектептин жанында ойноп жүрүшкөн эле (Сыдыкбеков).
- 5. Кызыкчылык. Мырзанын кызыгы үчүн жанды кыйнап, Казатта кармашкан биз, өңчөй жалчы («САЖИ»).
КЫЗЫК II этиш. Көңүл бөлүү, суктануу. [Сабыр] айланага кызыга карады (Сыдыкбеков). Жаш балдар таттыга кызыгып, өз алдынча кужураша баштады (Каимов).
|