|
кызуу
|
|
I сын.. 1. Ысык. Темирди кызуусунда сок (макал). Кызуусунда алдагыны бери тарт, Кыя чапчу кыйын уста оңунда (Осмонов)
- 2. Өнүгүп-өрчүгөн, дүркүрөп күчөп турган , сууй элек, кызыган (сезим, көңүл, кубулуш, окуя ж. б. жөнүндө). Жаштыктын кызуусунда, күчүң барда Тартынбай табың үчүн түш майданга (Элебаев). Татыбек кызуу уйкуда (Байтемиров). Кыз-келин кызуу орокто (Мидин). Чогулушта кызуу талкуу башталды (Каимов).
- 3. Кызымтал, анча мас эмес. Ал [Жолбунов] ичип алып кызуу келген экен (Убукеев).
♦ Кызуу кандуу же каны кызуу — ачуусу чукул, кыялы чорт, чапчаң мүнөздүү. Любанын каны кызуу эле (Аалы). [Кебек карыянын] катын-баласы өлгөндөн бери каны эң эле кызуу болуп кетти (Байтемиров).
КЫЗУУ II кызы этишинин кыймыл атоочу.
|