|
кызматкер
|
|
зат. 1. Акыл эмгегинин же күч эмгегинин кандайдыр бир тейлөө жумуштарына байланыштуу айрым тармагында иштеген кызматчы, белгилүү бир ишти иштөөчү адам. Инженер-техник; кызматкерлердин.. чогулушу өткөнү жаткан болучу (Сасыкбаев). Айыл-чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек («Советтик Кыргызстан»). Шамбет жаш кезинен эле колхоздун белдүү кызматкерлеринен болду (Сыдыкбеков).
- 2. Бирөөгө малай катарында кызмат кылуучу, бирөөнүн жумушун иштөөчү. Кийимимди тоздурба, кызматкермин астыңда (Токтогул). Кызматкер болуп биз кетип, Кызык болуп жүрбөйлү («Олжобай менен Кишимжан»).
- 3. өт. Бирөө жөнүндө кам көрүүчү, ошонун эркин орундап кызмат кылуучу. Депутат — элдин кызматкери.
|