Меню
Эл-Сөздүк

кишенде

этиш. 1. Бутуна кишен салуу. Түнү аттарды кишендеп отко койду (Бейшеналиев).
2. өт. Токтотуу, тоскоолдук кылуу. Жаңжал кылып чыр баштап, Өткөн ишти кишендейт (Тоголок Молдо).
3. өт. Туткундоо, эрксиз кылуу. [Чынар].. кийин качыптыр деп уктук. Заманы аны кишендеп койсо, кайда качып кутулмак? Кармалыптыр (Сыдыкбеков).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: