|
качыр
|
|
I зат. Эшек менен жылкыдан бүткөн аргын, үй айбаны. Алты өгүз менен төрт качыр Күчүн берип айдады («Манас»). Ли-Чан эки кара качыр кошкон арабаны короого кийирди (Жантөшев).
КАЧЫР II 1. кач этишинин аркылуу мамилеси.
- 2. Бет алып чыгуу, атырылып кирүү. Түпөктүү найза булгалап, Тик качырып жөнөдү («Курманбек»). Чолпонбайдын артынан Жолдоштор жоону качырды (Осмонкул).
- 3. Бет алып жөнөө, бет алуу, умтулуу. Тилин салып акактап, көлөкө жерди качырат (Тоголок Молдо).
- 4. Жоготуу, колдон чыгарып жиберүү, ажырап калуу. Менин жайым сурасаң, Жок качырып элимден, Суроо салып келемин («Семетей»).
- 5. Жөнөтүү, жашырын түрдө жөнөтүп жиберүү. Кыз качырган келин.
КАЧЫР III туур. Катуу нерсенин сынганда же бири-бирине катуу өйкөлүшкөндө, козголгондо чыккан дабышы. Эшикти качыр эттире катуу жапты.
|