|
кана
|
|
I ат. 1. Кайда, кайсы деген мааниде колдонулат. Китебим кана?
2. Бир нерсеге көңүл бурдуруу, бир нерсени баштарда көңүлдү ошо жакка топтоо үчүн айтылат. Кана эмесе, кезегиң, Кайсыны ырдар экенсиң (Токтогул). — Кана, кимден башталсын? (Сыдыкбеков).
КАНА II этиш. Кан чыгуу, кан агуу. Буюрбаган ашка мурун канайт (макал).
¨ Согончогу каноо — бала төрөө, балалуу болуу. Канымдын ушул күнгө чейин согончогу канай элек (Бейшеналиев). Канап-бутоо — кыйратуу, кайсоо, түгөтүү. Өткөн менен кеткенди Канап-бутап жоготкон («Манас»). Чоң айыл кичи айылды канап-бутап жиберер бекен (Убукеев).
|