|
ит
|
|
зат.1. Сүт эмүүчүлөрдүн тукумуна кирүүчү үй айбандарынын бири. Үй турмушунда ит сакчылык, короочулук милдетти аткарат (Сыдыкбеков). Короочу иттердин анда-санда үргөнү болбосо, түн тынчтыкта (Каимов).
- 2. Мүчөлдүн он биринчи жылынын аты.
- 3. Жаман көргөндүгүн билдиргенде, тилдегенде колдонулуучу сөз. Култебер ит уялбай, Жалынып жашы төгүлдү («Мендирман»).
¨ Ит мурун — карагандын бир түрү. Ит тартыш — аркан тартышмай, аркан тартышкан оюн. Ит арка — ынтымаксыз, ыркы жок. [Таякем] кечээ биздикине келип кетти: «Активдерибиз ит арка», — дейт (Сыдыкбеков). Итке минип калуу — бардыгынан ажырап калуу, абдан жарды, томаяк болуп калуу. Ит балдак — чабак уруунун сууда, сүзүүнүн бир түрү. Ит аяк к. аяк II. Ит жыгылыш — даана жыкпай, улам бир-бирин жыгуу; ким жыгылгандыгы ачык болбой калгандык.
|