|
илгич
|
|
зат.1. Кур. Эмнегедир белин чечип илгичин колуна кармап алган (Сыдыкбеков).
- 2. Кийим илип койгуч. Илгичке кийимди илип коюу үчүн жакасынын ич жагына тигилген ичкесинен келген боолук, бүчү. Кийим илгич. Пальтосунун илгичи үзүлүп калыптыр.
- 3. Эшикти ичинен беките турган же жалпы эле илип коюу үчүн ылайыкталган илмек. [Арнамысов].. барып каалганын илгичин чыгарды (Убукеев). Курчанган кайыш курунун илгичин чыгарды (Жантөшев).
- 4. Апкеч, суу көтөргүч. Ийниндеги илгичке кош чака көтөрүп келаткан кызыл көйнөк кыз көрүндү («Ала-Тоо»).
- 5. өт. Алгыр, илгир. Коёндон жапыз сен болуп, куштан илгич мен болуп (Осмонов).
|