Найдены по другим направлениям
-
зыркыра
-
этиш 1. Зымыроо, зыпылдоо, өтө тез жүрүү. Асманда октор зыркырайт («Мугалимдерге жардам»). Күчтүү, күлүк от араба, Алга карай зыркырайт (Аалы). - 2. Зырылдоо, зыр-зыр эткен дабыш чыгаруу, зыр-зыр этүү. Таң алдында муздак жел Өзөн ылдый урганда Камыштын башы зыркырап («Сейтек»).
- 3. Сыздоо, зар ыйлоо, катуу капалануу. Зыркырап ыйлап күйүнүп, Сырттанынан түңүлүп («Эр Төштүк»). Жайытың жайсыз болгондур, Жалгызым деп зыркырап
(Токтогул). Уйду мүйүзгө чапса, туягы зыркырайт (макал).- 4. Зааркануу. Жабык вагондордун көмүрүн түшүрүү өтө оор болгондуктан кишилер аны түшүрүүдө зыркырап турушат (Абдукаримов).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
зыркыра