|
жоон
|
|
сын. 1. Туурасы кең, чоң, толук, ичке эмес. Жоон карагай. Жоон жип.
- 2. Эттүү, семиз, толук, албеттүү. Туурасы жоон, бою пас, Дулдугуй беттүү, өңү саз, Келберсиген чоң Жолой («Манас»). Жоон курсак куулардын Жоюлушун айталык (Калык).
- 3. Зөөкүр, эсирген, эч кимди тааныбаган. Жоонсунуп жол бербес, Жоонду чапкан Курманбек («Курманбек»). Жалаң Кыргыз-Сайдын баягы жоондору (Элебаев).
- 4. Коңур, ачык, бийик, чыйылдак эмес (үн, дабышка карата). Давыденко жоон үнү менен салмактуу тарттырып, ишендире айтты (Жантөшев).
♦Жоон үндүүлөр — айтылганда тилдин артка тартылышынан жасалган тыбыштар (мисалы: а, о, ы, у). Жоон билек — кара күчүнө сыйынган балбан адам. Жоон билек кимде эмес, Адамдын күчү акылда (Шүкүрбеков). Жоон топ к. топ III. Жоон орто — өзүнүн сапаттары же белгилери боюнча кичине менен чоңдун, жаман менен жакшынын ортосунда турган, алардын ортосун аныктаган ченем. «Күрпүлдөк» мектеби бул өрөөндөгү мектептердин.. жоон ортосу болуп эсептелет (Сыдыкбеков). Жоон өпкө к. өпкө. Жоон моюн — айтканды тоотпогон, менменсиген. Жоон көкүрөк — эрсинген, баатырсынган, күрсүлдөгөн, мактанчаак.
|