ЖОМОКЧУ — «Манас» айтуучу. Бул наам, адатта эпостун үч бөлүмүн толук же бирөөнү айткан адамдарга карата колдонулган. 20-кылымдын 30-жылдарына чейин «Манас» айткан адамдар эл ичинде «ырчы», «жомокчу» деген термин менен аталып келген. Мисалы, 1925-ж. араб ариби менен кыргыз тилинде Москвадан чыккан «Манас» эпосунун титулдук бетинде ал вариант Тыныбек жомокчуга таандык экендиги белгиленет жана китепченин кириш сөзүндө да Тыныбек «жомокчу» деген наам менен эле аталат. Эпостун өзүнүн текстинде да:
Жомокчулар койбосо,
Уйкаштырып ырды айтып,
Келиштирип койбосо
Жомокчулар калп айтып (Сагымбай Орозбаков, «Манас», Кол жазмалар фондусу, 537-инв., 380-б.),
— деп «Манас» айткан адамдар «жомокчу» деп айтылат. Бирок жазма адабияттарда Ж-га караганда «манасчы» деген термин кеңири колдонулуп жүрөт. «Манасчы» термин катары биринчи жолу профессор X. Карасаевдин «Кызыл Кыргызстан» (азыркы «Кыргызстан туусу») газетасына 1930-ж. 27-майда жарыяланган «Манас» аттуу макаласында пайдаланылган. Манасчы кийин атайын адабий термин катары терминологиялык жана энциклопедиялык адабияттарга кирген, к. Манасчы.
М. Мукасов
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как ЖОМОКЧУ
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
6Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 1 х 6? Ответ:
Отправить
зат.. Жомок айтуучу, жомокту көп билген, жомокту кызыктуу кылып айта билген адам. Болочок акындын энеси Бурма.. ары сөзмөр, ары жомокчу аялдардан эле(Аалы). [Нурбай].. өтө сөзмөр, жомокчу, шайыр жигит эле (Баялинов). Уккан эмес мындайды Жомокчунун кебинен(Аалы).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как жомокчу
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
11Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 6 + 5? Ответ:
Отправить