-
жар
-
I зат. Аялы же күйөөсү. Алымкул өзүнүн башына түшкөн жамандыкты сүйгөн жары Гүлайымга баяндап берди (Абдукаримов). Жарын ким сагынбасын, сагынсаң да ичиңде болсун, ичиңе сакта (Айтматов).
¨ Жар көрүшүү — кыз оюнда (кызга күйөөсү күйөөлөп келгенде) кыз менен күйөөнү жүз көрүштүрүү максатында экөөнүн аркаларын тийиштирип, моюндарын бурултуп, айкалыштыра өбүштүрүү. Жар болуу — колдоо, жардам берүү. Арбактар бизге жар болсо, Ажалга келген эрлердин, Аты-тонун бөлөлүк («Семетей»). Жар-жоро жолдош – жоро. теңтуштар.
ЖАР II: моюну жар бербөө к. моюн.
ЖАР III зат. Бир жагы суу жеп же урап калган тик жер, суунун бийик жээги. Жети-Өгүзгө жеткен кезде карасаң, Тизмектелген укмуш кызыл жар турат (Шүкүрбеков). Жарга ойногон улактай (Жантөшев).
ЖАР IV зат. Жарчы аркылуу жарыяланган кулактандыруу, оозеки жарыя кылынган кабар. Жар чакыруу. Жар салуу. Элдин ар бир уулу Чолпонбайдай болсун деп ай-ааламга жар чакырабыз (Жантөшев).
ЖАР Vэтиш 1. Бир нерсе менен чаап, кесип бөлүү, ажыратуу. Бирөө отун жарып же казык кагып жаткандыр (Абдукаримов). Отунуңузду да жарып берейинби, апаке? («Жаш ленинчи»). Дарбыз жарды.- 2. Дары коюп бузуу, талкалоо, кыйратуу. Кабагын түйгөн жерлерге, Таш жарып канал казгыла (Осмонкул). Кара зоону как жарып Түбү менен оодарып (Калык).
- 3. Тилик, ачык кылып коюу, айыра чабуу, ачык кылып таштоо. Башын жара чабуу. Капты жарды. Калтарды кардан сулаткан, Кардын жарып бөктөрүп, Карышкырды кулаткан (Осмонкул). [Жылдызкан].. бутунун чөңөр жарып канап кеткенин көрдү (Байтемиров).
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:
Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:
RU
- жар (ru-kg)
- жар (мед.) (ru-kg)
- жар-птица (ru-kg)
- жара (ru-kg)
- жаралган скелет; с. спонгиновы (ru-kg)
- Жарарака (ru-kg)
- жаргон (ru-kg)
- жаргонный (ru-kg)
- жареный (ru-kg)
- жаренье (ru-kg)
- жарить (ru-kg)
- жариться (ru-kg)
- жарища (ru-kg)
- жаркий (ru-kg)
- Жарко (ru-kg)
- жаркое (ru-kg)
- жаровня (ru-kg)
- жарок (ru-kg)
- жаропонижающее (ru-kg)
- жаропрочная сталь (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жар