Меню
Эл-Сөздүк

дем

дем
дем ал-
дем алдыруу борбору
дем алмаштыруу борбору (мед.)
дем алмаштыруу булчуңу (мед.)
дем алуу
дем алыш
дем байлоо
дем берүү
дем салуу
дем таратуу (мед.)
деми кайтуу
деми суу
демин багыштоо
демин басуу
демин ичине алуу
демин кесүү
демин суутуу

дем

зат. 1. Таноо, ооз аркылуу тыштан ичке, ичтен тышка чыгарыла турган аба. Көөдөнүм кысылгансыйт, чыкпай демим (Абдукаримов). Дарыяхандын бир топко деми буулуп турду (Жантөшев).
2. Күч, кубат, кайрат. Баласынын деми аны өргө жетеледи (Байтемиров). Биринчи ийгиликтин деми бизди зор ишке шыктандырды («Ала-Тоо»).
Дем алыш — тыныгуу, эс алуу мөөнөтү. Дем алыш күн. Дем алыш убагы. Дем алуу — тыныгуу, эс алуу. Демин ичине алуу — унчукпоо, үн катпоо, билмексенге салып, ичине сактоо. Дем берүү — күч берүү, кайрат берүү, кайраттандыруу, кубат кошуу. Дем кылуу — медер кылуу, арка кылуу, таянуу. Кабылан Манас чырагым, Бир өзүңдү дем кылдык («Манас»). Дем салуу — дуба окуу жолу менен эмдөө. Эшен кожо чогулуп, Дем салган менен айыкпайт (Барпы). Демин суутуу — көңүлүн калтыруу, назарын сындыруу. Кайсы бирөө курбусунун демин суутуп, башка жакка басып кетет (Бейшеналиев). Бир демде — бир заматта. Ушинтип душман бир демде, Бетме-бет кирип келгенде (Аалы). Дембе-дем — уламдан-улам, үстү-үстүнө, үстөкө-босток. Мектеп курулушун тургузуу иши дембе-дем кызыды (Сыдыкбеков). Жигит тамекисин дембе-дем сорот («Ала-Тоо»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сандем
Көптүк сандемдер
Синонимдери
күч
Жөндөлүшү - "дем"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?дем
Илик Кимдин? Эмненин?демдин
Барыш Кимге? Эмнеге?демге
Табыш Кимди? Эмнени?демди
Жатыш Кимде? Эмнеде?демде
Чыгыш Кимде? Эмнеде?демден
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?демдер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?демдердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?демдерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?демдерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?демдерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?демдерден

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: