Меню
Эл-Сөздүк

дарт

дарт (дерт эмес), дарты, дартты

дарт

зат. 1. Оору, илдет Балдардын арасында кезигүүчү жугуштуу оорулардын ичинен дифтерия өтө коркунучтуу дарт («Ден соолук»). Атамдын дарты үчүн даба болгусу бардыр («Жомоктор»).
  1. 2.           өт. Арман, кайгы, муң; арыз. Ар кимиси ички дартын айткысы келет, бирок аны эмнеден баштоо керек? (Каимов).
  2. 3.           өт. Айы, азабы. Колхоз кызы Канымкүлдүн дарты. үчүн, Колхозуна мүчө болуп албасам (Осмонов). Илимсиздин дартынан кат жазышка зарыктым (Барпы).
  3. 4.           өт. Көөн, көңүл, ой. Анаркандын эси-дарты эшиктеги Каныбекте (Жантөшев). Анын дарты Күлайда («Ала-Тоо»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: