Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: сарпайы Жакынкы полиция бөлүмү кайсы жерде? Нектолипарисы
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - аяр
 

АЯР

 
АЯР — эпосто бардык иш колунан келген, дегеле билбегени жок сыйкырдуу касиети бар адам: «Актарга мылтык оңдогун Аярың болсо жоктогун», же «Аяр Култаң барганы айтып кабар салганы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 72). А. эпос боюнча кыргыздарда да, алардын душмандарында да болгон. «Манастын» варианттарында А. деген сөз ар түрдүү мааниге ээ: коргоочу, сактоочу, сыйкыр, сыйкырчы, кандайдыр дубанын күчү менен өз каалаганын ишке ашырып алуу касиетине ээ болгон адам жана башкалар Ал «Манас» эпосуна араб-фарсы адабиятынын таасири менен кирген. А. араб тилинде митайым, шүмшүк, эр жүрөк, бекерчи, ууру, уюштургуч деген маанидеги түшүнүктөрдү билдирет. Мисалы, орто кылымдарда А-лар Рудакиде, Ирандын эски тарыхый чыгармасы «Тарих-е Систанда», «Саман аяр» деген 11-кылымдарда жазылган фарсы дастанында жана башкалар чыгармаларда чагылдырылып, чындык турмуштагы эле адамдар болгон. Алар уурулук, каракчылыкты мамлекетке кызмат өтөө менен айкалыштырышкан. Ошентип, орто кылымдардагы Орто Азия аймагында тараган чыгармалар аркылуу кыргыз жомокчулары өздөрүнүн репертуарына акырындык менен киргизип отуруп, кийинчерээк «Манас» эпосунун нукура сиңип кеткен сөзү катары айтылып калган.
И. Молдобаев

аяр

 
аяр (айлакер)

аяр

 
I сын. Айлакер, сыйкырчы, келечегин алдыртан ойлой билген амалкөй. Сыйкырчы кемпир бар эле, Эл азгырып бүлдүргөн Абдан аяр жан эле («Эр Төштүк»). Ашкан аяр Карагул, Алгараны алкынтып, Өзү минип бастырды («Семетей»).
АЯР II аял II менен бирдей.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санаяр
Көптүк санаярлар
Жөндөлүшү - "аяр"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?аяр
Илик Кимдин? Эмненин?аярдын
Барыш Кимге? Эмнеге?аярга
Табыш Кимди? Эмнени?аярды
Жатыш Кимде? Эмнеде?аярда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?аярдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?аярлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?аярлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?аярларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?аярларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?аярларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?аярлардан

Найти все переводы слова "аяр" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "аяр"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru