Меню
Эл-Сөздүк

ас

этиш. 1. Кандайдыр бир нерседен өткөрүп, тагып илип коюу, илүү. Кетмен салып Кеңир өскөн ийинге Келиштирип мылтык асып салалык (Турусбеков).
  1. 2.                  Салаңдаган абалда илип коюу, жогорураак илүү, байлоо. Бүбүш тулгага чайнегин асып, кемегенин жанында (Сыдыкбеков). Канаты бар Чалкуйрук Чынарга аса байлады («Эр Төштүк»).
  2. 3.                  Дарга тартуу, дарга тартуу жолу менен өлтүрүү. Сулуу Зоя салбырап Бутакта турду асылып (Үмөталиев). Каныбектин колу-бутун байлатып, дарга асмакчы болот (Жантөшев).

Казан асуу — тамак даярдоого, тамак бышырууга киришүү. Эт асуу — казанга салып эт бышыруу. Ат жалына казан асуу — ат үстүндө бара жатып, жолдо бара жатып анча-мынча тамак ичүү, өзөк жалгоо.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: