|
арала
|
|
этиш. 1. Арасында, ичинде жүрүү кыдыруу. Токойду аралап киргенде машке.. из чала баштады (Каимов). Кокту, колот, сайларды Аралады карт Бакай («Семетей»).
- 2. Арасынан өтүү, басып өтүү. Кыйры жок деңиз аралап, Нурланасың, алтын ай (Аалы). Кыштакты аралап көк кашка суу атырылат (Сыдыкбеков).
- 3. Арасында пайда болуу. Селкилдеген сакалын Ак аралап алыптыр («Манас»).
|