|
АКИМ
|
|
АКИМ (арабча хаким — ойчул, философ; соңку мааниси — диний жана ак сөөктөрдүн иштерин башкаруучу) — атайы дайындалган же шайланган башкаруучу. Кыргыздарда Кокон кандыгынын тушунда администрациялык аймактардын башында турган адам. А. эпосто кеңири жолугат: «Айтуудан чечен адашты, Акимдердин баарысы, Бири-бирин карашты» (Сагымбай Орозбаков, 3. 136).
«АК-ИНЕКТИН БЕЛЕСИ»— комузчу Асанаалы Кыштообай уулунун «Манастын» обонуна салып чыгарган күүсү. Күүдө Акшумкарын алдырып ийген Семетей Айчүрөктүн артынан барып, Ак-Инектин башында дүрбү салып Акункандын шаарын карап отуруп, Үргөнчтүн боюнда күтүп жаткан Айчүрөктү көргөнү, Тайбуурулду мингизип Күлчорону чалгынга жөнөткөнү баяндалат. Күү автордун өзүнүн аткаруусунда кыргыз үналгысынын фондусуна жазылып алынган.
|