|
адабият
|
|
зат. 1. Илимий, көркөм, саясий ж.б. чыгармалардын жалпы жыйындысы; ар кандай китептер, журналдар ж. б. [Марфа].. жумушчулар үчүн бир топ жаңы адабияттар, газеталар ороп таңды (Сасыкбаев). [Сагынбек].. технологиялык адабияттарды арбын окуду (Сасыкбаев). Биологиялык адабият. Технологиялык адабият.
2. Турмуштук кубулуштарды, окуяларды, көркөм чыгармаларды, образдарды сөз аркылуу сүрөттөп көрсөтүүчү искусствонун бир түрү; проза же поэзия түрүндөгү көркөм чыгармалар. Адабият деген искусствонун бир түрү — сөз чеберчилиги, сөз искусствосу (Абдукаимов). Кыргыз адабияты. Балдар адабияты.
♦ Адабият таануу — көркөм адабияттын теориясы жана тарыхы жөнүндөгү, адабий сын жөнүндөгү илимдердин жыйындысы. Көркөм адабият — адабият менен бирдей (2-маанисинде).
|