ЧЫРАШ САЙМА |
«Чыраш саймасы», «илме дос» саймасын саюудан өзүнүн татаалдыгы менен айырмаланат. Бул ыкма менен тери, кийиз буюмдарына кооздук түшүрүүгө болот. Чеберлер калпакты, кементайды, тонду, тери шымды, ошондой эле боз үйдүн ички жана сырткы жабдууларын жана жасалгаларын кыюуда, же жээктөөдө «чыраш» саймасын такай колдонушат. Азыр ал негизинен ак калпакты тигүүдө колдонууда. Ак калпактын төрт талаасын үлгүгө салып бычып алып, аны «чыраш саймасы» менен сайып, андан кийин калган төрт талаасын бириктирип, жалпы саят. Мындай ыкма менен бүткөн калпакты өзүнүн калыбына салып, үтүктөп койсо, жарашыктуу көрүнүп калат. |
Найти все переводы слова "ЧЫРАШ САЙМА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЧЫРАШ САЙМА"?
Ввойти