Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - Тур
 

Тур

 
ТУР – туристтерди жайгаштыруу, ташуу, тамактандыруу, саякатка чыгаруу боюнча тейлөө кызматтарынын топтому; саякат максатына жараша саякатчыларга жол көрсөтүү, котормо ж. б. тейлөө кызматтары.

тур

 
тур (этап, бөлүк) спорт

тур

 
I зат. 1. Вальс бийинин залды бир айланып чыгышы, ошол эле бийдин бир дегерениши. Вальстын туру.
2. Мелдештин, оюндун, өткөрүлүүчү чаралардын ж. б. бир бөлүгү, айрым этабы. Шахмат турниринин экинчи туру. Спорттук олимпиаданын акыркы туру. Президенттик шайлоолордун экинчи туру.
ТУР II этиш. 1. Тикесинен келген абалда, баса турган абалда болуу; отуруп же жатып албай өйдө болуу. [Турсун] вагондун эң төмөнкү баскычына тура калып желегин көтөрдү (Сасыкбаев). Адыл ордунан турду да, олтургандарга кыдырата карады (Сыдыкбеков). Атчандар жете келип жарданып тура калды (Убукеев). Шамбет туруп олтуруп, Чаргынга карады (Сыдыкбеков).
2. Белгилүү бир жерде, үйдө турак алып, тиричилик кылуу, жашоо. Фрунзеде турат. Кыштакта турган адамдар. Шаарда турушат.
3. Өлбөй-житпей жашап калуу, аман эсен болуу. Тууруна сүйүнбө, турарына сүйүн (макал).
4. Бар болуу, болуу. Кыялда турат бир тилек, Чырак кызматын тапсаң агаңдын («Олжобай менен Кишимжан»). Машина турганда жөө басмак беле?
5. Белгилүү бир орунда, жайда болуу, белгилүү бир абалда болуу. Бир шумдукту сезгенсип, Жылдыздар турат тунжурап («Мендирман»). Калкыңда мендей кыздардан Кароолдо туруп кабар ал (Маликов). Жылаңач турган канча адыр, Жалбырак басып жашарсын (Маликов).
6. Кызмат ордун ээлөө, дайындалуу. Кызматка турду. Ишке турду.
7. Жалдануу, жалданып иштөө; кызматын кылуу. Байга турган.
8. Баасын, наркын билдирүү үчүн колдонулат. Канча турат? Өзүнө турган наркы.
9. Кандайдыр бир составдуу түзүлүштү, анын составын билдирүү үчүн колдонулат. Беш кишиден турган комиссия. Үч бөлүктөн турган китеп.
10. -ганы, -ган формалары уланган сөздөрдөн кийин кыймыл-аракеттин, окуянын, кубулуштун, ойдун ж. б. болорун, ишке ашуусу мүмкүн экендигин, ниеттенгендигин билдирүү үчүн колдонулат. Күн жааганы турат. Кеткени турат. Барган турат. Жөнөгөн турат.
11. -мак, -сун, -гай формаларында келгенде «түгүл», «ал гана эмес» деген сыяктуу күчөтүү маанисин берет. Короодогу кой турмак, Коргол бербейт жети ата (Токтогул). Сүйлөмөк турсун далай жан, Зарланып жүрөт көрүүгө («Олжобай менен Кишимжан»). Какылдак уялмак тургай, эрээркеген балача чаңырыгын күчөттү (Сыдыкбеков).
12. Оолактатуу, алыстатуу, кандайдыр аракетти токтотуу керек экендигин билдирүү үчүн колдонулат. Тур ары, жашың менен сугарбай мени (Байтемиров). Эрсиз өтсөм да [Чаргын] нары тура турсун (Сыдыкбеков). Көйнөк тиккенди коё турчу (Сыдыкбеков).
13. Кыймыл-аракеттин үзгүлтүксүз болуп турушун белгилүү бир абалдын узакка сакталышын билдирүү иретинде жардамчы этиш катарында колдонулат. Жазып тур саламыңды келгениңче, Жарыңдын жаш жүрөгүн сагындырбай (Нуркамал). Капталдан улам катуулап, Лом менен уруп туруптур (Маликов). Эр Олжобай элине, Бул кезде сүйлөп турат октолуп («Олжобай менен Кишимжан»).
14. Кыймыл-аракеттин, окуянын абалдын ж. б. күтүүсүздөн, эрктен тышкары болгондугун жана мурда андан кабарсыз экендигин билдирүү же ырастоо иретинде «тура», «турбайбы» формаларында колдонулат. Турмуштун ачкычы адамдын өз колунда тура (Сыдыкбеков). Ар нерсенин учуру болот тура (Байтемиров). Бул сакалдан Эшмамбет, Жүдөп жүргөн турбайбы (Токтогул). Сулуулар чыгат турбайбы, Анда-санда ар кандай («Мендирман»). Адамдын сырын билүү кыйын турбайбы (Байтемиров).

тур-

 
тур-
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сантур
Көптүк сантурлар
Жөндөлүшү - "тур"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?тур
Илик Кимдин? Эмненин?турдун
Барыш Кимге? Эмнеге?турга
Табыш Кимди? Эмнени?турду
Жатыш Кимде? Эмнеде?турда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?турдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?турлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?турлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?турларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?турларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?турларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?турлардан

Найти все переводы слова "Тур" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Тур"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru