|
Протокол
|
|
ПРОТОКОЛ (гр. protokollon – манускриптин биринчи барагы) – 1) кандайдыр бир далилдүү жагдайлар камтылган процессттик документ (тергөөчү жана сот тарабынан кылмыш-жаза жана жарандык иштерди териштирүүдө ишке ашырылган процессттик же тергөө аракеттери, конституциялык, кылмыш-жаза, жарандык, административдик сот өндүрүшүндө жана экономикалык иштер боюнча угууларды ишке ашырган жыйындарынын жүрүшү жана жыйынтыктары); 2) эларалык укукта келишим П-у – көбүнчө негизги документке тиркеле турган ырасмий документ. Кээде эларалык укуктун өзү да П. деп аталат, м., Согушта тумчуктуруучу, уулуу ж. б. газдар менен бактериологиялык куралдарды колдонбоо жөнүндө 1925-жылы жарыяланган Женева П-у.
|