Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - КӨКБӨРҮ
 

КӨКБӨРҮ

 
КӨКБӨРҮ — каарман. Сагымбай Орозбаковдо кыпчактардын уруу башчысы. Манастын алгачкы казаттарына катышат, башка учурларда Көккоён султандын атасы катары эскерилет. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча кырым элинин каны. Урумкандын уулу жана Коёнаалынын атасы. Нескара баалагандай «Кырк күнчүлүк сайышка жарап берчү» (Саякбай Каралаев, 2. 26) баатыр гана эмес, К. Манастын «Ободон булут козгошкон, бир күндө үч жол достошкон» (Саякбай Каралаев, 2. 230) о дүйнөлүк досу дагы. Манастын өзүнүн айтуусу боюнча анын эң жакын адамдары Кошой, Төштүк, Сайкал менен бирге атайы чакырылып, Манастын сөөгүн жашыруун көмүүгө катышат. «Манас» эпосундагы көөнө типтеги каармандар Кошой, Төштүк, Сайкал менен катар айтылган К. да чыгыш теги жагынан эң байыркы каармандардан деп болжошко негиз бар. Анын ысымынын байыркы түрктөрдүн тотеми «Көк-Бөрү» менен байланыштуу болушу бул ойду ырастайт.

көкбөрү

 
зат. Эки тарапка бөлүнүп, мууздалган улакты, кээде торпокту атчан тартышуу оюну, улак тартмай. [Журтбек].. көкбөрүгө шыктуу жигит (Бейшеналиев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкөкбөрү
Көптүк санкөкбөрүлөр
Синонимдери
көкжал
карышкыр
Байланыштуу сөздөр
көкбөрүчүл
Жөндөлүшү - "көкбөрү"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?көкбөрү
Илик Кимдин? Эмненин?көкбөрүнүн
Барыш Кимге? Эмнеге?көкбөрүгө
Табыш Кимди? Эмнени?көкбөрүнү
Жатыш Кимде? Эмнеде?көкбөрүдө
Чыгыш Кимде? Эмнеде?көкбөрүдөн
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?көкбөрүлөр
Илик Кимдердин? Эмнелердин?көкбөрүлөрдүн
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?көкбөрүлөргө
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?көкбөрүлөрдү
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?көкбөрүлөрдө
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?көкбөрүлөрдөн

Найти все переводы слова "КӨКБӨРҮ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КӨКБӨРҮ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru