Меню
Эл-Сөздүк

КУЛА

КУЛА — Кутубийдин байгеге чапкан күлүгү. Алмамбеттин келишине арнап өткөрүлгөн тойдогу ат чабышта марага он бешинчи болуп келет (Сагымбай Орозбаков, 2. 341).

кула

кула (сын а.)
кула жээрде
кула кер

кула

I сын. Саргыч бозомук түс (жылкынын түсү жөнүндө). Түлкүбектин мингени кула жорго (Жантөшев). Кула байтал. Кула бээ.
КУЛА II этиш. 1. Эңкейишке, төмөнгө карай жыгылуу, тоголонуу, учуп түшүү. Эгер мындан куласа, сөзсүз өлөт (Байтемиров). Кулайсыңар, түшкүлө!деди мугалим аларга (Сыдыкбеков). Тоодон таш кулады.
  1. 2.                  Ажыроо, түшүү. Падыша тактан кулады.
  2. 3.                  Өтпөй калуу, оңунан чыкпай калуу. Экзаменден кулады.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: