Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы: ОРУДИЕ ордината аз электр агымдуу түзүлүш инженери
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - КУЛ
 

КУЛ

 
КУЛ — кожоюндун жеке менчигине айланган, эч бир укуксуз киши, кул ээлик коомдун негизги таптарынын бири. К. буюм катары эсептелип, аны сатып алган, сатып жиберген, ал түгүл өлтүрүп да салган. Эпосто К-дун укуксуздугу «Сатыкка салып, кул кылып» (Сагымбай Орозбаков, 1. 264),— деп көрсөтүлөт. «Таятаң Темиркандай мытаамдын Дене кулу болупсуң» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 130),— деп сүрөттөлгөндөй эпосто дене К. деген түшүнүк жолугат. Дене К. — түбөлүк кул, сатып жиберсе кыңк этпеген кул деген маанини билдирет. Ал эми «Элирип кеткен кесек кул» (Сагымбай Орозбаков, 1. 64), «Оңой Манас кул эмес, Оюлгур жайы башкача» (Саякбай Каралаев, 1. 144), «Жайма көкүл жаш Айдар Өзү эптүү кул эле, Өңү сындуу кул эле» деген саптардан эпосто К. жалпы эле кудайдын кулу, адам, киши деген мааниде айтыла берээрин баамдоого болот.

кул

 
кул
кул жебес
кул-кутан
кул ээлөөчү
кул ээлөөчүлүк

кул

 
зат. 1. Кулчулук доорундагы эч кандай укугу жок, эмгеги, өзү — бүткүл турушу кожоюнунун менчигинде болгон адам; бирөөгө көз каранды, эмгеги, тапкан мүлкү бирөөнүн менчигинде болгон эрксиз адам. Кул да болсо беш жылдан бери туздаш болуп калдык эле (Жантөшев). [Кулбаш] Сарыбайдын сөзүнө карай өзүнүн анык кул экендигине көзү жетти (Абдукаримов).
2. өт. Бирөөнүн эркинен чыкпаган, бирөөнүн айтканын ээрчиген, өз алдынча, өз эркинче аракети болбогон адам. Эрте сүйлөгөндүн кулу.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкул
Көптүк санкулдар
Синонимдери
малай
күң
Байланыштуу сөздөр
кулда
кулчулдук
кулчулук
туткун
Жөндөлүшү - "кул"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?кул
Илик Кимдин? Эмненин?кулдун
Барыш Кимге? Эмнеге?кулга
Табыш Кимди? Эмнени?кулду
Жатыш Кимде? Эмнеде?кулда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?кулдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?кулдар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?кулдардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?кулдарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?кулдарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?кулдарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?кулдардан

Найти все переводы слова "КУЛ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КУЛ"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru