КЕНДЕГЕР — топоним. Көкөтөйдүн ашында ат байгени талап алып кеткен кытай-калмактардын Будаңчаң менен Ушаң баатырын К-дин коосунан Манас баштаган кол кууп жетип уруш болот (Сагымбай Орозбаков, 3. 279). Иле өзөнүнүн жогорку агымынын аймагына тиешелүү шарттуу топоним.