|
Жеке изкубар
|
|
ЖЕКЕ ИЗКУБАР – мыйзамда белгиленген тартипте жеке аңдуу ишмердигин жүргүзүүгө лицензия алган жана төмөндөгүдөй кызматтарды көрсөтүп жаткан КР жараны: иштин катышуучулары менен келишимдик негизде жарандык иштер боюнча маалыматтарды жыйноо; базарды иликтөө, ишкер сүйлөшүүлөр үчүн маалыматтарды жыйноо, кредиттөөгө жарамсыз же ишеничсиз өнөктөрдү ачып көрсөтүү; жеке ишкердикте фирмалык белгилерди жана аталыштарды мыйзамсыз пайдаланууларды, абийирсиз атаандаштыктарды, ошондой эле коммерциялык сыр болгон маалыматтарды жайылтуу жагдайларын аныктоо жана башка мыйзамда белгиленген иш-аракеттерди көрсөтпөө. Аңдуу иши Ж. и-дын ишмердигинин негизги түрү болуусу тийиш, аны мамлекеттик кызмат, болбосо коомдук бирикмелердеги акы төлөнүүчү шайланган кызматтар менен айкалыштырууга улуксат берилбейт. Жеке иликтөө ишмердигине лицензия тийиштүү ички иштер органдары тарабынан берилет.
|