ЖУМАДЫЛОВ |
С. Жумадылов — Семетей («Сейтек» драмасы, 1989). Ж-дун аткаруусундагы Семетей чыныгы эр жүрөк баатыр гана эмес, ал — эң биринчи кезекте адамдарга Ишенген, жалпы элге таянган адилет каарман. Анын түзгөн бул образы спектаклдеги башка каармандар менен эриш-аркак жуурулушуп, аларды кандайдыр бир деңгээлде толуктап турат. Актёр мында кыргыз элинин залкар эпосундагы кайталангыс каармандын бүткүл жан дүйнөсүн көрүүчүлөргө таасын ачып бере алган. Ждун кийинки ролу — «Айкөл Манас» драмасындагы негизги каармандардын бири Бакайдын образын да актёр өзүнө таандык аткаруучулук чеберчилиги менен ачып берүүгө жетишкен. Ж. медалдар менен сыйланган. |
Найти все переводы слова "ЖУМАДЫЛОВ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖУМАДЫЛОВ"?
Ввойти