-
БАДАҢ
-
БАДАҢ — эпизоддук кейипкер, калмак аяры. Кыргыздар Ала-Тоону душмандан бошоткондо капчыгайды бөгөп сарай болуп, Кайыпкан баштаган колдун жолун тосот. Таскыл аяр экөө аярлык өнөрлөрүнүн жардамы менен түрдүүчө кубулуп, көпкө кармашышат. Аягында Б. жеңилет, түлкү болгон Б-дын терисин таскыл тирүүлөй сыйрыйт. Кайыпкандын иниси Кошумбек түлкүнүн мурдунун учун кесип алгандан кийин гана Б. аяр өлөт (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 576-инв., 501 — 511-б.).