|
Амортизация
|
|
АМОРТИЗАЦИЯ (лат. amortisatio – жоюу, фр. amortir – начарлатуу, жумшартуу) – 1) өндүрүш
каражаттарынын наркын (табигый жана моралдык жактан эскерүүсүнө жараша) анын
жардамы менен өндүрүлгөн продуктуга акырындык менен которуунун жүрүшү; негизги
фондорду жөнөкөй жана кеңейтип өндүрүү үчүн өндүрүш чыгымдары менен жүгүртүүгө
багытталган атайын акча каражаттарын – нарк чегеримдерин колдонуу; Н. ч.
камсыздандыруу түшүнүгүнө камсыздандырылган нерсенин табигый жана моралдык
жактан эскирүүсү менен анын натыйжасында наркынын төмөндөшү кирет; 2) жоголгон
баалуу кагаз ээсинин укугун калыбына келтирүү жана алардын жок кылынгандыгын
ордердик жол менен таануу.
|