Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

АЙКӨЛ

АЙКӨЛ — Манастын жеке өзүнө гана колдонулган туруктуу эпитетинин бири: «Алмамбетке көп айтып, Айкөл Манас бек айтып» (Сагымбай Орозбаков, 3. 149), «Дууга кирди Манас шер, Аты кызыр кырк чилтен, Айкөл эрдин жолдошу» (Саякбай Каралаев, 1. 95), «Карааны Семетей турат аманат, Ашылбас аскар бел элең, Айкөлүм Манас ала жат!» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 40). А. Манастын адилет, ак көңүл, кең пейил, баарын көтөргөн, баарына чыдаган сапаттарын чагылдырып, арыстан, көк жал, төрө, канкор сыяктуу эпитеттер менен бирге эпосто абдан арбын жолугат.
Ж. Төлөев


Айкөл

Айкөл – сын. Кең пейил (Көбүнчө Манас жөнүндө айтылуучу эпитет) (Кыргыз тилинин түшүнд. сөздүгү. – Ф.: Мектеп. 1969. 28-б.).

айкөл

сын. Кең пейил (көбүнчө Манас жөнүндө айтылуучу эпитет). Айкөл Манас кабылан.

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: