Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - төлөм теңдеми
 

төлөм теңдеми

 
  • external balance
  • foreign balance
  • Перевести через онлайн Переводчик

    Котормолордун мисалдары:(бета) төлөм теңдеми

    КыргызчаАнглисче
    Төлөм теңдеми.Balance of Payments..
    Ошентип, 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча төлөм теңдеминин сальдосу 87,1 млн. АКШ доллары өлчөмүңдө оң калыптанат.Therefore, as a result of 2010, the balance of payments will be formed negative in the amount of 87.1 million USD..
    2008-жылдын жыйынтыгы боюнча төлөм теңдеминин оң сальдосу 73,0 пайызга кыскаруу менен 83,2 млн. АКШ доллар өлчөмүндө калыптанган.As a result of 2008, the external surplus decreased by 73.0 percent and amounted to USD 83.2 million..
    Ошентип, 2009-жылдын жыйынтыгы боюнча төлөм теңдеминин оң сальдосу 2,7 эсеге көбөйүү менен 221,9 млн. АКШ доллары өлчөмүндө түптөлгөн.Thus, as a result of 2009, the external surplus increased by 2.7 times to make USD 221.9 million..
    2008-жылда түптөлгөн дүйнөлүк экономикалык каатчылык Кыргыз Республикасынын төлөм теңдеминин абалына да эң эле кесепеттүү таасирин тийгизген.The global economic crisis of 2008 had an adverse effect on the balance of payments of the Kyrgyz Republic..
    Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча 2010-жылдын 1-чейрегинде төлөм теңдеминин сальдосу 26,0 млн. АКШ доллары өлчөмүндө оң түптөлсө (2009- жылдын биринчи чейрегинде 159,9 млн. АКШ доллар), анын ичинде күндөлүк операциялар эсеби 254,7 млн. АКШ доллары өлчөBased on the preliminary data, in the first quarter of 2010, the balance of payments formed positive at the rate of US$ 26.0 million (in the first quarter of 2009 - US$ 159.9 million), including the current account that developed as negative at the rate o.
    Аны тейлөөдө төлөм теңдемине төлөөлөрдүн ири көлөмдөрү аркылуу басым жасабаган карыз деңгээли. Туруктуулук тобокелдикке дуушар болбогондой шартта каржылоо үчүн карыз алуунун алгылыктуу деңгээлинин орун алып турушун узартуу мүмкүнчүлүгүн да түшүндүрөт..
    Борбордук банктын контролдугунда турган активдер, алар төлөм теңдеминин тартыштыгын каржылоо жана алмашуу курсуна жана/же башка максаттарга таасир этүү үчүн валюта рыногунда интервенцияларды жүргүзүү аркылуу ошол тартыштык өлчөмүнө кыйыр таасир этүү үчүн колдонулушу мүмкүн..
    Төлөм теңдеминин өлкөнүн башка өлкөлөр менен соода байланыштарын мүнөздөгөн бөлүгү. Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр импорту жана экспорту аны түзүүчүлөрдөн болуп саналышат. Баланс товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун жана импортунун айырмасы катары эсептелет, улуттук товардык рыноктун өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт..
    Чет өлкө валюталары жана алтын түрүндөгү жогорку ликвиддүү тышкы активдер. Алар акча-кредиттик жөнгө салуу максатында, мамлекеттик органдардын контролдугунда туруп, кайсыл болбосун учурда төлөм теңдеминин тартыштыгын каржылоо, улуттук валютанын курсуна таасир эткен валюта рынокторундагы интервенциялар же башкаларга колдонуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн..
    Белгилүү бир мезгил аралыгында акчалай түшүүлөр жана чыгашалар ортосундагы айырма; өлкөнүн экспорту жана импортунун (соода балансынын сальдосу) наркы ортосундагы айырма, чет өлкөгө төлөмдөр менен чет өлкөдөн түшкөн каражаттар ортосундагы айырма (өлкөнүн төлөм теңдеминин сальдосу). Оң түптөлгөн, активдүү сальдо түшүүлөрдүн чыгашалардан арткандыгын, ал эми терс сальдо – тескерисинче, б.а. чыгаша түшүүлөрдөн арткандыгын түшүндүрөт..
    Өлкөнүн тышкы финансылык активдери жана милдеттенмелери менен операциялары төлөм теңдеминин финансылык эсебине кирет. Өлкөнүн тышкы финансылык активдери монетардык алтындан, ЭВФтин атайын карыз алышуу укуктарында авуарлардан жана резидент эместерге карата талаптардан турат. Өлкөнүн тышкы милдеттенмелери резидент эместердин резиденттерге карата талаптарынан турат. Финансылык эсепти классификациялоо эң оболу, чет өлкө инвестицияларынын функционалдык багытына негизденген: тике, портфелдик жана башка инвестицияларга; туунду финансылык инструменттерге; резервдик активдерге бөлүнөт..
    Өлкөнүн төлөм теңдеминин бөлүгү, анда товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөр экспортунун жана импортунун көлөмү, анын инвестициялардан таза кирешесинин көлөмү жана трансферттик төлөмдөрдөн таза көлөмү белгиленген. Төлөм теңдеминин күндөлүк операцияларынын эсебинде резиденттер жана резидент эместер ортосунда жүргүзүлгөн экономикалык баалуулуктар менен кайсы болбосун операциялар (финансылык активдерди жана милдеттенмелерди эске албаганда) камтылат. Ошондой эле, мында күндөлүк керектелүүчү баалуулуктарды кайтарымсыз берүү же алууга байланыштуу операциялар да эске алынган. Мында, товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер да камтылган. Товарлар, кызмат көрсөтүүлөр, кирешелер жана күндөлүк трансферттер боюнча сальдону негизинен, “күндөлүк операциялар боюнча сальдо” же “күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу” деп аташат..
    1) Бир өлкөдөн экинчи өлкөгө төлөмдөр түрүндө акча каражаттарынын жылышын чагылдырган таблица, ведомость. Төлөм теңдеми белгилүү бир мезгил ичинде бир өлкө тарабынан чет өлкөгө жөнөтүлгөн төлөмдөрдүн жана ошол эле мезгил ичинде башка бир өлкөгө келип түшкөн суммалардын катышын мүнөздөйт. Акча каражаттарынын түшүүсү алардын чыгымдалышынан ашкан төлөм теңдеми активдүү, ал эми карама-каршы келген учурда – пассивдүү деп аталат. Соода балансы төлөм теңдеминин бөлүгү болуп саналат, анда товарлардын таза экспорту, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн таза экспортунан турган күндөлүк операциялар балансын, инвестициялардан кирешелерди, которууларды жана капиталдын агылып чыгуусунан жана агылып кирүүсүнөн турган капиталдын жылышы балансын камтыйт. Эрежедегидей эле, күндөлүк операциялар эсебинин сальдосу жана капиталдын жылышынын сальдосу теңдештирилет;
    2) Төлөм теңдеминде өлкөнүн башка өлкөлөр менен белгилүү бир мезгил аралыгындагы тышкы экономикалык операциялары тууралуу суммардык маалыматтар системага салынган түрүндө чагылдырылат.
    Көпчүлүгү резиденттер жана резидент эместер ортосунда ишке ашырылган мындай операцияларга товарлар, кызмат көрсөтүүлөр жана кирешелер менен операциялар; ошол өлкөнүн калган өлкөлөргө карата финансылык талаптарына жана милдеттенмелерине байланыштуу операциялар; трансферттер катары классификацияланган (мисалы, тартуулоого тиешелүү) операциялар кирет.
    .

    Найти все переводы слова "төлөм теңдеми" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

    Хотите добавить свой перевод для слово: "төлөм теңдеми"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru