-
Консорциум
-
КОНСОРЦИУМ (лат. consortium – тең катышуу, бирлештик) – өзалдынча ишкер түзүмдөрдүн тапшырыктарды биргелешип жайгаштыруу, өндүрүштүк, ири өлчөмдөгү кредиттик-каржылык жана маркетинг аткарымдарын жүргүзүү, өнөржай курулушунда ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу, бүткүл ишкердикти координациялоо; пайдалуу тапшырыктарды алуу жана аларды биргелешип аткаруу үчүн түзүлгөн убактылуу бирикме (макулдашуу). Консорционалдык макулдашуу менен ишке ашырылат. Жалпы ишти координациялоо адатта ири түзүмдүү К-нын лидерине жүктөлөт. Лидер К. катышуучуларынын баарысынын кызыкчылыгын коргойт, өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет жана ал үчүн биргелешкен ишмердиктин натыйжаларына жараша акы алат.
Found words in another language:
Found similar words in another language:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
консорциум