|
Консул генеральный
|
|
БАШКЫ КОНСУЛ өзалдынча башкы консулдукту жетектейт. Анын укуктук абалы жана ишинин мүнөзү дегеле консулдукуна окшош. Алардын ортосундагы өзү өкүлү болгон жана кабыл алган өлкөлөрдүн консулдук мамилелеринин деңгээлин чагылдырган айырмачылыктары шарттуу гана. Б. к-га айрым учурларда, өзгөчө эларалык уюмдардын алдында саясий же өкүлчүлүк милдеттер тагылуусу мүмкүн. КР Б. к-у КР тышкы иштер министринин сунушу боюнча КР Президенти тарабынан дайындалат жана кызматтан бошотулат.
|