|
Банковская гарантия
|
|
БАНК КЕПИЛДИГИ – милдетти камсыз кылуунун бир ыкмасы. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, кепилдик берген банктын же кредит мекемесинин же аманат уюмунун башка жактын өтүнүчү боюнча берилген кепилдиктин шарттарына жараша кредитордун кат жүзүндөгү талабы боюнча тийешелүү акча каражатын төлөй тургандыгы тууралуу жазуу түрүндө берген милдеттенмеси. Эгер анда башкача каралбаса, Б. к. гарант тарабынан чакырылып алынбайт. Б. к. карызкордун кредитор алдындагы негизги милдеттенме боюнча шарттардын аткарылышын камсыз кылат.
|