ЗОРДУКТОО – адамдын жыныстык колтийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш. Ага КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган, жабырлануучунун же анын жакын адамынын алсыздык абалынан пайдалануу менен, күч колдонуп зордуктоосу, зордуктоого жасаган аракети кирет.